• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Аскар Акаев: Жапаров менен жолуктум

2 Баш оона 2021 20:18 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугуп, учураштым. Бул тууралуу УКМКдан чыккан мурдагы президент Аскар Акаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан кийин биринчи жолу Ата журтка, мекениме, элиме келдим. Буга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем. Ал киши Кыргызстанга келишиме уруксат берди. Мен бир жумага келдим. Сиздер билгендей, мага карата «Кумтөр» иши боюнча дооматтар бар. Кумтөр менин убагымда салынган. Мен көрсөтмө берип, тергөөгө жардам бергим келет»,-деди Акаев.

Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстанга бүгүн, 2-августта келди. Ал учактан түшкөндөн кийин УКМКга көрсөтмө берүү үчүн жеткирилген.

Количество просмотров: 781