Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV
АКШ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди кайтарып алуу боюнча келишим жок. Бул боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште билдирди.
Аскар Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилди
Анын айтымында, Америкада жүргөн мурдакы вице-премьер-министрди кайтарып алуу жолдору каралууда.
Эскерте кетсек, Аскарбек Шадиев жемкорлук айыбы менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Анын 1 миллиард сомдон ашык мүлкү мамлекеттик эсебинен өттү.