• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Аспеков менен Жунусбековдун үстүнөн Жапаровдун штабы арызданды

28 Бештин айы 2020 11:46 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Төрөхан Жунусбеков жана Мелис Аспековдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына арызданды. Арыздын көчүрмөсү социалдык тармактарда тарады. БШК да маалыматты тастыктады.

Адвокаттын айтымында, алар Садыр Жапаровдун штабынын кызматкерлери эмес жана ага эч кандай тиешеси жок. Бирок алар өлкөдөгү президенттик  кызматка талапкердин атын жана үгүт материалдарын колдонушуп жатат.

«Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспеков Садыр Жапаровго расмий жана юридикалык жактан да тиешеси жок. Аларды үгүт материалдарын колдонуп, сөз сүйлөөгө эч ким милдеттендирген эмес. Алар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен президенттикке талапкер Сапар Жапаров жөнүндө коомдо терс пикир жаратып, ошону менен шайлоо өнөктүгүнө тоскоол болуп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 740