Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту камактагы активист Мелис Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты.
Мындай чечим 2024-жылдын 28-февралында кабыл алынган.
«Аспеков көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, ага жаза катары 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалып, жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген»,-деп жазылат маалыматта.
Аспеков 2021-жылдын башында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып тагылып, “алдамчылык” беренеси да кошулган.
Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, «саясий негизде иш козголгонун» билдирип келген.