Коммуналдык кызматтарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралууда.Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өкмөттөгү онлайн брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, эгерде салык төлөмдөрүнүн өлчөмү кыскартылса, анда бул пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөп берүүгө таасирин тийгизет.
«Учурдагы кырдаалды реалдуу баалаш керек.Кабыл алынып жаткан ар бир чечим коммуналдык кызматтардын, суу менен камсыздоого жана энергетиканын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши зарыл», — деди Асрандиев.