• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ат-Башыда жол кырсыгынан 2 киши каза болуп, үч адам оор жаракат алган

4 Бирдин айы 2021 12:58 Бишкек Govori.TV

Ат-Башы районунун Ак-Кокту тилкесинде «Ауди С4» жана «Тойота Ипсум» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, үч адам оор жаракат алган.

Жерине куткаруучулар тартылып, жабыркаган адамдарды Ат-Башы райондук ооруканасына жеткиришкен, ал эми каза болгондорду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 140