• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Ата Мекен» партиясында мандат талаш

4 Чын куран 2018 19:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.04.2018.Govori.TV
Боршайкомдун мурдагы төрайымы Клара Кабилова (азыр Клара-Гүлнара Самат деп катталат), Ташполот Балтабаев жана  Рыспек Мирзаматов депутаттык мандаттан баш тарткан жок. Ал эми Нүргүл Бакирова мандаттын кереги жок деп расмий арыз жазып берип кетти.  Бул тууралуу Govori.TV агенттигине БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
«Ташполот Балтабаев менен Рыспек Мирзаматов депутат болобуз деп жатышат. Клара-Гүлнара-Самат бул маселени БШК менин катышуумда карасын дейт. «Ата Мекен» фракциясынын лидеринен бизге 29-мартта кат келген. Бизде 30 күн убакыт бар. Ошондуктан шашпай бул маселени карап, баардык тараптын тең жүйөлөрүн угуп чыгышыбыз керек»,— дейт Кайрат Осмоналиев.
Аты аталган талапкерлер 2015-жылы мандаттан баш тартуу боюнча Боршайкомго арыз жазышкан. Бирок анда Боршайком  арызды карабастан,  фракциянын катчылыгына кайрып беришкен экен. Эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов  ошол арыздары  кайра кароону суранып, Боршайкомго  кат менен кайрылган.
Количество просмотров: 8