• Шейшемби 21 Аяк оона 2021

Атайын репортаж: Бийликтин ооз жабуу аракети сөз эркиндигине кедергисин тийгизбейби?

10 сентября 2021 в 17:30 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө сөз эркиндигин кысуу аракети дайым эле болуп келген. Колунда анча-мынча бийлиги бар адамдын баары эле өздөрү тууралуу маалыматтарды көзөмөлдөп турууну каалашат. Ал эми азыркы учурда соцтармактын, интернет айдыңдын өнүгүп өсүүсү аттуу-баштуулардын былык иштери тууралуу маалыматтын агымын көбөйттү. Өз кезегинде саясатчылар тараган маалыматтар менен күрөшүүнүн түркүн жолдорун ойлонуп келишет. Себеби, Баш мыйзамда саясатчылар тууралуу пикир айтууга тыюу салынган эмес.
Бирок ошол эле учурда жалган делген маалыматтарды кимдер чыгарып, таратат деген суроо жаралат. Бөтөнчө бири-биринин айыбын ачкан маалыматтар шайлоо алдында же кызмат талаш болгондо жардамга келет. Тарап жаткан маалыматтарды көзөмөлдө аракети “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын пайда болуусуна алып келди.
Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети “жалган же анык эмес маалымат” тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап кое алат. Социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарды да бөгөттөөгө укук алат.
Коомчулукта бул мыйзам сөз эркиндигин түздөн-түз кысымга алат деген пикирилер айтылууда. Эксперттердин пикиринде, бийликке сын айта алган жарандар, блогерлер жана массалык маалымат каражаттары зыян тартып калуусу мүмкүн.
Ал эми мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүулүгүнө бөгөт же тоскоолдуктар болбоосу керектиги айтылган.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мыйзам маалымат каражаттарына терс таасир тийгизбейт деп эсептейт, анын айтымында тескерисинче бул мыйзам жалган маалыматтарды ооздуктоодо көмөгү чоң болот.
Кабыл алынган мыйзам бийликтин куралы гана болуп калат деген депутат Дастан Бекешев, бул мыйзамдын ишке кирип, колук кандуу иштеп кетүүсү үчүн эбегейсиз чоң каражат сарпталаарын белгилейт.
Кеп болуп жаткан документти депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова былтыр демилгелеп чыккан. Анда ал “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, депутаттардын колдоосун тапкан. Бирок, коомдогу наразылыктардан соң ошол кездеги президент Жээнбеков кайра иштеп чыгууга жиберген.
Кыргызстанда социалдык тармакка жазган пикири үчүн кылмыш иши козголгон учурлар да жок эмес. Алсак, жакында эле активист Тилекмат Кудайберген уулу бийликке карата айткан сын пикири үчүн соттолгон. Ал эми бүгүн жаш активист Орозайым Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп күнөөлөнүп, аба майдандан кармалганы коомдо терс пикирлериди жаратты.

Кыргызстан Орто Азиядагы мамлекеттердин арасынан жалгыз гана сөз эркиндиги менен мактана алган өлкө экени байма-бай айтылып келет. Бирок учурда сын айткан элдин кебин ооздуктайбыз деп, сөз эркиндигин чектөө аракети күч алды.

Количество просмотров: 368