• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаев Путинге жылкы белек кылса, Жээнбеков тулпарга тайган кошуп тартуулады

28 Жалган куран 2019 18:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.03.2019.Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков  Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путинге тайган белек кылды. “Мындай белек Путинге жакты. Анткени ал жылкы менен итти жакшы көрөт. Ал эми Путин өз кезегинде Кыргызстандын президенттин өзүнүн лимузин унаасында кыдыртты”,-деп жазат орус журналисти Дмитрий Смирнов.

Мындан сырткары өлкө башчы Жээнбеков Орусиядан келген журналисттерге Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн эстелик топтомун белек кылганын кошумчалады.

Жээнбеков подарил Путину Орловского рысака и тайгана

Эске салсак, Путинге жылкы жагаарын билген экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 28-февралда Орусиянын президенти Владимир Путинге тулпар белек кылган. Иш-чара өлкө башчыларынын расмий сүйлөшүүлөрүнөн кийин болгон. Мамлекеттик резиденциядагы жолугушуу бүткөндөн кийин Владимир Путин жылкыга жем берүүгө жетишкен.

сүрөт «super.kg»
Теги:
Количество просмотров: 40