• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев тууралуу жагымсыз китеп жарык көрдү

5 Чын куран 2018 17:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.04.2018 Govori.TV
Москва шаарында «Кыргызстандын үстүндөгү Атамбаевдин көлөкөсү» деген аталыштагы китептин бет ачаары болду. Китептин автору тарыхчы жана публицист Дмитрий Верхотуров китепте Алмазбек Атамбаев башкарган алты жылдын жыйынтыгы жазылганын айтты. Эң негизги Атамбаев кыргыз элине калтырып кеткен мурасы Кыргызстандын борборун электр энергиясы менен камсыз кылып турган ТЭЦтеги авария экендиги жазылган.
Автордун пикиринде Атамбаевдин Кыргызстанга пайдасынан зыяны көп болду. Атүгүл Акаев менен Бакиев бириккенде дагы анча зыян келтире алган эмес.
«Алмазбек Атамбаев бийлике келгенде кыргыз эли көп нерсени үмүт кылган. Бирок ал үмүттөр аткарылган жок. Энерготармак ушунчалык алсырап, жакында энергетикалык кризис болушу мүмкүн. Андай болсо кыргыз элинин башына кедейчилик келет.  Баардыгынын себеби Алмазбек Атамбаев бир дагы ГЭС салган жок, мурдагы инвестициялык долбоорлордун баардыгын талкалады,-дейт Дмитрий Верхотуров

 

 

Количество просмотров: 35