• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаевдин депутаттары анын түбүнө жетеби?

15 Бирдин айы 2019 15:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.02.2019. Govori.TV

Бул жумада Жогорку Кеңеште экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу боюнча маселени экинчи окууда карашты.

Депутат Ирина Карамушкина бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө эмне түрткү болуп жаткандыгына кызыкты.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев бул мыйзамга өзгөрүү киргизилгенин эске салды.

Ошентип Масалиев өзү демилгелеген мыйзам долбооруна каршы добуш бергенин мындайча түшүндүрдү.

Парламенттин жыйынында ЖЭБ деги коррупциялык иштер боюнча Атамбаевдин да жоопкерчилиги каралары тууралуу прокурор Өткүрбек Жамшитов айтты.

Буга чейин коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мурдагы президентке каршы көрсөтмө берилсе, ага карата кылмыш иши козголорун билдирген.

Ошентип экс-президентти жоопко тартууга да убакыт жетип калгандай. Эң негизгиси, мурда жакын болгон адамдар Атамбаевди жазага тартууга катуу киришти.

Теги:
Количество просмотров: 31