• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаевдин экс-жан сакчысы суракка чакырылдыбы? Прокуратуранын жообу

8 Бирдин айы 2019 17:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек 08.02.2019 Govori.tv

Тогузунчу кызматтын мурдагы жетекчиси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, батир менчиктеп алды деп шектелип жатканы айтылды.

 Дамир Мусакеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди БАЭге болгон жеке сапарында коштоп барган. Кечээ күнү аны аскердик прокуратурага суракка чакырышты. Кечинде Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын карап, башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу чечимин чыгарды. Мындай маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook тармагындагы баракчасына жазды. 

Эске салсак, Мусакеев кезегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон.

«Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө. Кылмыш иши мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат», — деп жазды Жолдубаева

КСДП өкүлү эч кандай батир менчиктелбегендигин айтып, Мусакеевге коюлган доо юридикалык жактан келечеги жок деген маанайда жазган.

Кыргызстан аталган маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Көзөмөл органынан Мусакеев Кылмыш кодексинин 320-беренеси боюнча (Кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген) шектелип, кабарлама тапшырылгандыгын айтышты.     

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн жетекчиси Дамир Мусакеев 2018-жылдын апрель айынын башында президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматынан бошотулган. Аны президент кезинде Алмазбек Атамбаев аталган кызматка 2016-жылдын 1-июнунда дайындаган.

УКМКнын 9-кызматы президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилердин, стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугуна жооп берет

Начальник 9-й службы Государственного комитета национальной безопасности Дамир Мусакеев


Булак: sputnik.kg

Теги:
Количество просмотров: 7