Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн толугу менен курчоого алып, тарапташтарын үйдүн сыртына чыгарып салды. Бул тууралуу Govori.TV мультимедиялык агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерден кабарлады.
Азыркы тапта милиция кызматкерлери короону көзөмөлгө алган. Үйдүн дарбазасын машине сүзүп кирип, айрымдардын кыйкырган үнү угулуп жатканы айтылды.
Кошумчалай кетсек, Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн саат 16ларда башталган.