Баткенге жардам катары чогултулган каражатты көзөмөлдөө үчүн элдик комиссия түзүү керек. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов билдирди.
«Элден айланса болот, чек арадагы жаңжалдан кийин Баткенге гумжардамдар жөнөтүлүп жатат. Жардам катары чогултулган каражатты көзөмөлдөө үчүн элдик комиссия түзүүнү сунуштадым. Себеби Дача СУда дагы миллиондор жоголгон, ошол нерсе кайталанбашы керек. Мындан ары бир муштумга биригип, жабыркаган имараттарды калыбына келтирүүнүн үстүндө иш алып баруубуз зарыл», — деди ал.