• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Соттук отурумда ызы-чуу чыкты (видео)

14 Бирдин айы 2024 14:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараянда айыпталуучулар соттун аракетине наарызы болуп, чыр чыкты. Окуянын видеосу айыпталуучулардын бири, камакта жаткан Илгиз Шаменовдун фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Маалыматтарга ылайык, Шаменовдун адвокаты ооруп калып бул күнкү отурумга келбей калган. Мындан сырткары Кемпир-Абад иши жабырлануучу катары өтүп жаткан тарап да келген эмес. Сот ага карабай ишти кароону улантууну чечкендиктен айыпталуучулар бул кадамды “мыйзамсыз” деп айтып нааразы болушту.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 10 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 184