Авариялык абалдагы мектептер оңдолмой болду (тизме)
Авариялык абалдагы мектептер оңдолмой болду (тизме)
6 Баш оона 2020 9:47 Бишкек Govori.TV
Авариялык абалдагы бир нече мектеп жыл аягына чейин оңдолот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Боронов жыл аягына чейин оңдоло турган мектептерди атап өттү:
Кочкор районундагы Туз мектеби: окуганга жараксыз болуп калган;
Чүй облусунун Москва районундагы Биринчи май мектеби: ал 1931-жылы салынып, бүгүнкү күнү жараксыз болуп калган. Ал жердеги окуучулар пионер лагердин имаратында окуп жатышкан;
Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя мектеби: 275 орунга эсептелген мектеп ашар жолу менен салынган. Жараксыз болгондон кийин балдар сыртта окуп жатышкан;
Нарын районундагы Эмгек-Талаа, Кеңеш айылдарындагы мектептер: балдар контейнерде окуп жатышкан;
Кара-Суу районундагы Ак-Тирек мектеби: бул жерде дагы балдар лагерде окуп жүрүшкөн;
Ноокат районундагы Жаш айылынын мектеби (275 орундуу);
Өзгөн районундагы Коңкошев мектеби: окуучулар сегиз жеке менчик үйдө окуп келишкен. Ал жакта 375 орундуу мектептин курулушу бүткөрүлүп жатат;
Өзгөн районундагы Кысык-Алма мектеби (200 орундуу);
Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө айылдык мектеби;
Талас районундагы Нанаев мектеби; 450 орундуу чоң мектеп, быйыл бүткөрүлөт.