• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Авариялык абалдагы мектептерди оңдоого 70 миллион доллар талап кылынат

1 Жетинин айы 2019 11:49 Бишкек Govori.TV

Араб өнүктүрүү фонду Бишкек жана Сокулукка мектептердин курулушу үчүн 30 миллион доллар бөлүп берди. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Нурбек Абдиев билдирди.

Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов өлкөдө толугу менен курула элек канча мектеп жана бала бакча бар деп кызыкты. Маалыматка таянсак, 261 социалдык объекттин курулушу токтоп турат. 2000-жылдан бери 403 имарат узак мөөнөттү курулуш разрядына өткөн. Аларды аяктоого каражат жок.

Аткаминерлердин айтымында, авариялык абалдагы мектептердин ремонтуна 70 миллион доллар талап кылынат.

Количество просмотров: 41