• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Автобус кагышып, мерт кеткен төрт жигиттин жанындагы кыз да каза болду

13 Аяк оона 2019 18:00 Бишкек Govori.TV

9-сентябрь күнү Чыңгыз Айтматов проспектисинде автобус менен кагышып, каза болгон төрт жигиттин жанындагы кыз да көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыз оор абалда Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө түшүп, өзүнө келбей жатып бүгүн үзүлгөнү айтылат.

Эске салсак, Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8 автобус кагышып, жеңил унаадагы төрт бала кырсык болгон жерден каза тапкан.

Количество просмотров: 510