• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Автобусту айдап качкан адам көчөдөгү жөө кишилерди тебелетип кетти

26 Бештин айы 201811:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.12.2018. Govori.TV.

25-декабрда Кытайдын Лунъянь шаарында автобусту айдап качкан адам көчөдөгү жөө кишилерди тебелетип кетти. Жыйынтыгында беш адам мерт болуп, дагы 20сы жаракат алды.

Жергиликтүү полиция окуя болгон жерден бычак менен куралданган эркек киши кармалып, учурда тергөө иштери башталганын кабарлады. Азырынча анын мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз.

Буга окшогон кол салуу быйыл апрелде Канадада болгон. Анда Торонто шаарында автоунаачан адам жөө адамдарды сүзүп, 10 киши мерт болгон.

Теги:
Количество просмотров: 19