• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Айбар Султангазиев:“Жараксыз тез жардам унааларына 1, 18 млн. Евро грант эмес, бюджеттен корогон”.

15 Бирдин айы 2018 15:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.02. 2018. Govori.TV
“Жаңы алынып келип, бирок, жараксыз болуп чыккан тез жардам унааларына  корогон 1, 18 млн. евро бул грант эмес, ал акча Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетине түшүп, ушул жактан жумшалган”. Бул сөздү КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигин Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев  ММКларга айтты.
Анын маалыматына таянсак, тез жардам алуу боюнча тендерди министрлик өткөрүп, министрликтин кызматчылары аталган нидерландык компанияны тандап алышкан. “Эмне үчүн министрлик так ушул “Dutch Health BV” деген компанияны тандап алганы табышмак. Ал компания болсо буга чейин эле жасалма жол менен куралган 8 реанимобилди 137 миң доллардан алып келген эле.  Болбосо бул каражатка 24 машина келмек. Алардын эсеби менен бир унаанын  баасы 80 миң долларды түзүп жатат, ал эми орусиялык компаниялардын сайтынан мен “Мерседестин” базасындагы толук меджабдыктар менен жабдылган унааларды 40 миң доллардан эле көрдүм”,-дейт ал.

Ошондой эле Айбар Султангазиев министрликтин өкүлү Самат Тойматов 2017-жылдын сентябрь айында Бириккен Араб Эмиратына учуп барып, тез жардам унаалары менен таанышканын нидерландык компания айтып жатканын мисалга тартып, «Ошол жактан эле ушул кемчиликтерди көрсөткөндө, мындай түшүнбөстүк болмок эмес»-,деп кошумчалайт.

Эске сала кетсек, 2017-жылы КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги 15 тез жардам унаасын алууга баасы 1, 18 млн. евро турган тендер жарыялаган. Андан уткан нидерландык “Dutch Health BV” 15 унааны келишимге ылайык, 2017-жылдын юль айында эмес ноябрь айында алып келген. Бирок, унааларда тендердеги талаптар аткарылбагандыктан, учурда ишке берилбей токтоп турат.
Количество просмотров: 23