Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду эки айга камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн,17-апрелде Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.
Соттун чечими менен ал 20-июнга чейин камакта болот.
Бекназаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, тергөө жүрбөй жатканын айтты.
2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.
Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.