Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду. Бул тууралуу маалыматты акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.
Анын сөзү боюнча, Аскаров каза болгону тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) 25-июлда маалымат келген.
№19 абакта отурган Азимжан Аскаровду «Тез жардам» кызматы 24-июлда №47 абакка жеткирген.
Кошумча маалыматка ылайык, Аскаров коронавирусту жуктуруп алган.