• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Азия чемпионаты: Медет кызы менен Жуманазарова алтын медаль үчүн күрөшөт

21 Чын куран 2022 11:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Мээрим Жуманазарованын 68 кг салмакта алгачкы атаандашы казакстандык Мадина Бакбергенова болду. Кийинки кореялык Сужин Паркты кыргызстандык спортчу ары-бери оодарып, мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу монголиялык Делгерма Энксайхан менен күчү сынады. Жуманазарова 7:2 эсебинде атаандашын уткан.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Ошондой эле, дагы бир Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына өттү.

Медет кызы жарым финалда монголиялык Ганбат Ариунжаргалга каршы чыгып, 10:0 эсебинде жеңди.

Кыргызстандык спортчу финалда кайрадан япониялык Юка Кагами менен күрөшөт.

Количество просмотров: 834