• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Азия кубогу: 1/8 бөлүктөгү атаандаштар аныкталды

18 Үчтүн айы 2019 9:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV

Бириккен Арап Эмирлигинде өтүп жаткан футбол боюнча биринчиликтин тайпалык оюндары аяктады. 17-январда акыркы тайпада Өзбекстан футболчулары Жапонияга 2:1 эсебинде утулуп калды. Ошого карабай Өзбекстан менен Жапония кийинки финалдык бөлүккө жолдомо алышты.

Бүгүн жана эртең командалар үчүн эс алуу күнү. Ал эми жекшемби күндөн тарта 1/8 финалдык оюндар башталат. Ойной турган командалардын жуптары төмөндөгүдөй аныкталды:

20-январь:

Иордания – Вьетнам

Таиланд – Кытай

Иран – Оман

21-январь:

Жапония – Сауд Аравия

Австралия – Өзбекстан

БАЭ – Кыргызстан

22-январь:

Түштүк Корея – Бахрейн

Катар – Ирак

Бул оюндарда уткан командалар 1/4 финалдык бөлүккө чыгышат. Ал эми утулган өлкөлөр чемпионаттан четтейт. Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. 

Количество просмотров: 13