• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Азия кубогу: Кыргызстан Түштүк Корея менен ойнойт

11 Үчтүн айы 2019 9:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн 11-январда Азия кубогунун алкагында Түштүк Корея өлкөсү менен ойнойт. Оюн “С” тобунда, экинчи айлампанын алкагында жүрөт.

Кыргызстан буга чейин биринчи айлампада Кытай командасына утулуп калгандыгына байланыштуу азырынча упайы жок. Ал эми Корея биринчи турда Филиппин командасын утуп, үч упайга ээ болгон.

Андыктан тайпадан жетиштүү балл топтош үчүн кыргыз футболчулары күчтүү атаандаш экендигине карабай Кореяны утушу керек. Эгерде Кыргызстан бүгүн утулуп калса, тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү өтө эле төмөндөп калат.

Матч Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат, оюнду “КТРК Спорт” каналы түз ободо көрсөтөт.

Азырынча “С” тайпасында Түштүк Корея жана Кытай командаларында үчтөн упай бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде жок.

Количество просмотров: 27