• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бүгүн Ак калпак күнү. Калпактын түрлөрү

5 Жалган куран 2019 9:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV

Бүгүн 5-мартта өлкөнүн баардык аймактарында Ак калпак күнү.

Адатта бул күндү чет мамлекеттерде жашаган кыргыздар да белгилеп, сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашат.

Жыл сайын 5-мартта кыргыз жаштары ак калпакты даңазалап, коомдук унааларда, ишкана, окуу жайларда калпак кийгендер көбөйөт.

Калпакты өңү түсү боюнча ажыратып, эркектердин жаш өзгөчөлүгүнө карата баш кийимдм кийишкен.

Кыргыз элт баласы бойго жете электе кыюуусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат.

Жашыл калпак

Бойго жеткенде кыюуусу кызыл түстүү калпакка кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, омурлук жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюуусу кызыл калпак кийип келген жигитти «аа бойдок экен» же «жар издеп жургон экен» деп билишкен.

Кызыл калпак

Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлу-жайлу болгондо кыюуусу кара калпак башынан тушкон эмес. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюуулуу калпак эр-жигиттин үй-булосу бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, омурлук жары жашоодон отуп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген.

Кара калпак
Кара кийиз калпак

Эр-жигиттин кадыры которулуп, калк башында турууга кучу жетсе, мындай жигит ак калпак кийген. Калпагына карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тарттканда, тааныбаган амдарган баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкол, калыс, адилеттуу, акылман адамдар кийишкен.

Ак калпак

Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жонокой элден айырмаланып, төбөсү шуншуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчирээк Бакай калпак атка конду.

Бакай калпак

Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюуусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган.

Эске салсак, 2016- жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. Ал эми 5-мартта Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан.

“Govori.TV” мультимедиялык агенттигинин жалпы жамааты «Ак калпак» күнү менен куттуктайт!

Количество просмотров: 13132