• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк бейөкмөт уюмдардын күнү

27 Бирдин айы 202412:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк бейөкмөт уюмдардын күнү. Бул тууралуу “Жарандык платформа” коомдук фонду фейсбук баракчасы аркылуу билдирип, дүйнө жүзүндөгү бардык бейөкмөт уюмдарды бул күн менен куттуктады.

«Жарандык коом, мамлекет жана бейөкмөт уюмдар биргелешип социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана бардыгы үчүн адилеттүү жана бакубат чөйрөнү түзүүдө негизги ролду ойношот», — деп жазылат маалыматта.

Бейөкмөт уюм бул мамлекеттик мекемелерден көз карандысыз жеке жактар же коомдук (коммерциялык эмес) уюмдар тарабынан түзүлгөн уюм.

Бүгүнкү күндө колдонулган термин биринчи жолу 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун жаңыдан түзүлгөн Уставынын 71-беренесинде киргизилген. Бейөкмөт уюмдардын туруктуу же расмий аныктамасы жок, алар жалпысынан өкмөттүн таасиринен көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдар катары аныкталат, бирок алар мамлекеттик каржылоону ала алышат. Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн ассамблеяларында жана айрым жыйындарында бейөкмөт уюмдарга байкоочу статусун берген. БУУ өзүнүн ассамблеяларында жана айрым жыйындарында бейөкмөт уюмдарга байкоочу статусун берген.

Бейөкмөт уюмдар өздөрүнүн мүчөлөрүнүн (же уюштуруучулардын) социалдык максаттарын алдыга жылдырышат: жаратылыш чөйрөсүн жакшыртуу, адам укуктарын илгерилетүү, начар жашаган адамдардын жыргалчылыгын жогорулатуу жана башка ар кандай маселелерди камтыйт.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш депутат Надира Нарматова жана депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Бейөкмөт уюмдары жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алган. Бул мыйзам долбоору коомчулукта катуу сынга алынып, кайчы кептерди жаратууда.

Активисттер, укук коргоочулар бул мыйзам кабыл алынса, эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп белгилеп келишет.

Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда сүйлөп жатат бейөкмөт мыйзамы тууралуу пикирин билдирип, өлкөдө катталган бейөкмөт уюмдар түшкөн каражаты тууралуу отчёт тапшырбай, социалдык төлөмдөрү тууралуу милдеттемелерин аткарбай келгенин айткан болчу.

Количество просмотров: 63