Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV
Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
9:30дан 14:00гө чейин Беларус жана Кубанский көчөлөрүндө;
14:00дөн 17:00гө чейин Жантөшев жана Юнусалиев көчөлөрүндө;
9:40дан 17:00гө чейин Ворошилов, Ибраев, Тоголок молдо көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектисинде;
9:30дан 17:00гө чейин Мурман, Кустанай, Садыгалиев көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.