• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бүгүн Кыргыз Эл Баатыры Дооронбек Садырбаев 80 жашка чыкмак (Сүрөт)

13 Бирдин айы 201913:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.

Бүгүн Дооронбек Садырбаевдин туулган күнү, ал 80 жашка чыкмак.


Саясатчы, кинорежиссер, Кыргыз Эл Баатыры Дооронбек Садырбаев азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы «Бирлик» колхозунда) 1939-жылы 13-февралда туулган. Атасы «Бирлик» колхозунун төрагасы болуп иштеген. Ал 14 жашка чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон.

Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал Жогорку кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон.

Дооронбек Садырбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө жигердүү депутаты болгон.

Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган.

21-кылымдын башында Кыргызстанда бир катар оппозициячыл нааразылык жыйындарын уюштурууга катышкан.

2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири — мурдагы элчи, мурдагы тышкы иштер министри жана Роза Отунбаева болгон.

2005-жылкы 24-марттагы элдик ыңкылапты колдогон коомдук ишмерлерден болгон.


2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан.

Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. 

Теги:
Количество просмотров: 57