• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бүгүн Өмүрбек Бабановдун туулган күнү

20 Бугу 2019 11:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

«Республика» партиясынын мурдагы лидери, экс-депутат Өмүрбек Бабанов бүгүн туулган күнүн өткөрүп жатат. Ал 49 жашка толду.

Өмүрбек Бабанов 1970-жылы 20-майда Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган.

Билими жогору. «Агроном», «каржы менеджменти» жана «юрист» адистиктери боюнча үч дипломго ээ.

Эмгек жолу:

1988-1989 — Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн
1995-1998 — Тараз шаарында (Казакстан) жоопкерчилиги чектелген коомдун директору
1998-1999 — «Шымкентнефтеоргсинтез» ААКнын Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлү
1999-2000 — «Мунай» компаниясынын директорунун орун басары
2000-2004 — «Кыргызпахта» ЖАКтын президенти, Жалал-Абад
2002-2005 — «Петро Казахстан Ойл Продакс» компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси
2004-2005 — «Мунай Мырза» ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү
2005-2007 — Жогорку Кеңештин №56 Кара-Буура шайлоо аймагы боюнча депутаты
2007 — КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын башчысы
2008 — «Мунай Мырза Инвест» ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы
2009 — вице-премьер-министр
2009-2010 — «Мунай Мырза Инвест» ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы
2010 — «Республика» партиясынын төрагалыгына шайланган
октябрь, 2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
2010 —КРдин биринчи-вице-премьер-министри
2011-2012 — КРдин премьер-министри
октябрь, 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты
2017-жылы президенттик шайлоого катышкан
2018-жылдын 19-январынан тарта депутаттык ишмердүүлүгү токтотулган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Количество просмотров: 18