• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Баңги кылмыштарына шектелген жарандан курал табылды

26 Теке 2022 15:14 Бишкек Govori.TV

Баңги кылмыштарына шектелген жарандан ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүмүндө (баңгизатын мыйзамсыз сактоо же сатуу, эски кодекс) көрсөтүлгөн кылмыштын бетин ачуу боюнча атайын иш-чаралар өткөрүлүп, анын натыйжасында Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун тургуну М.Н. каралган.

Тинтүү учурунда “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаанын ичинен төрт огу менен номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылган.

Аталган факт Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-берененин 2-бөлүмү (ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо) менен катталган. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.

Количество просмотров: 336