• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баңгизат таратканга шектелген топ аныкталды

27 Теке 2022 15:31 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы гашиш баңгизатын тараткан кыргызстандыктардын тобун аныктады.

Аталган кызматтан билдиришкендей, ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат саткан жарандын өздүгү аныкталып, ал 39 жаштагы Р.А. болуп чыккан.

Шектүү өз ыктыяры менен төрт баштыкча берген. Ал эми мындан башка эки баштыкчаны ыкчам кызматкерлер аныктап, табышкан. Экспертизага ылайык, алынган зат гашиш болуп чыгып, бир баштыкчанын салмагы 38,91 грамм, экинчиси 25,31 граммды түзгөн.

Андан ары ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 45 жаштагы У.Э. аттуу жаран кармалып, ал сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда ортомчу катары “Бакыт” аттуу киши болгондугун көрсөткөн.

Дагы бир 47 жаштагы Б.А. аттуу шектүү негизги сатуучу катары Сокулук районунда кармалган. Кармалган жаранды текшерүү учурунда 10 баштыкча табылган. Эксперттин корутундусу боюнча, жалпы салмагы 97,82 граммды түзгөн гашиш болуп чыккан. Андан аркы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Б.А.нын үйүнөн 39 брикет менен эки конверт алынган. Алынган баңгизаттын салмагы 390 граммды түзгөн.

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 147