• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Баңгизат ташып бара жаткан унаа кармалды

13 Баш оона 201910:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад облусунда ири суммада баңгизат ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, «Вольво» үлгүсүндөгү унаада ири көлөмдөгү баңгизат жүктөлүп, Орусияга андан ары Европага жеткириле турган героин табылган.

“ Унаадан 44 килограмм 300 грамм маңзаттар чыккан. Жүктүн ээси Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды. Учурда катталган факт боюнча тергөө амалдары башталды”,-деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 24