• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Баарын коюп, балдарга зомбулукту токтотолу…

25 Бештин айы 2018 18:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.12.2018.Govori.TV

Декабрь айынынын башынан тартып Кыргызстанда балдарга карата зордук көрсөтүү боюнча бир канча учурлар катталган. Алгач эле энеси иштөөгө Орусияга кетип 2 жаштагы баласын курбусуна калтырган. Наристе катуу сабалып ооруканадан чарчап калган. Андан көп өтпөй өзүнүн чоң энеси тарабынан аялдамага ташталган бала менен болгон окуя коомдо катуу талкууга түшкөн. Мындай учурлардын бири катары Жети-Өгүздөгү энеси чет жакка иштеп ал эми бир жарым жаштагы баласын туугандарынын карамагына ташталган наристени олтүрө сабап салышкан деген жаңылык коомчулукду дүрбөттү.
Ал эми бул окуядан мурдараак Жумгал районунда 47 жаштагы аял менен анын төрт жана жети жаштагы неберелери мыкаачылык менен өлтүрүлгөн деген маалымат келип түшкөн. Бул окуяда да балдардын ата-энеси ажырашып, энеси шаарда иштеп жүргөн.
Мындан улам өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча чараларды күчтөндүрүү керектигин, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.
Жогоруда айтылган жана башка ушул сыяктуу балдарга карата болгон зордук зомбулукту алдын алуу жана аны такыр эле жок кылуу үчүн бийлик да коомчулук да аракет кылып, ойлонуусу зарыл.

Количество просмотров: 65