• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баасы 4 700 сом. Бишкекте көмүр сатуу пунктарынын даректери…

13 Тогуздун айы 2023 12:00 Бишкек Govori.TV

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы учурда калкка жана Бишкек ЖЭБге көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин графиктин алкагында жүрүгүзүүдө.

Маалыматка ылайык, ишкана тарабынан «Ден-Сяопин, 306 б» дареги боюнча жеткиликтүү баада, башкача айтканда 4700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Көмүр вагондор менен ташылат, бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар.

Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2023-жылдын 2-сентябрдан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө.

  • Мурманская 126;
  • Алыкулов 6 б;
  • Алматинская-Обьездная (кесилиште);
  • Нижняя Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).

Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында сатып алууну эске салат.

Количество просмотров: 324