Жогорку Сот жарандык активист Александр Паленыйды мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго 10 миң сом төлөөгө милдеттендирди. Өмүрбек Бабанов Александр Паленыйды бир нече миллион сомго сотко берген. Биринчи инстанция 100 миң сом деп чечип, Жогорку Сот 10 миң сом деп калтырды.
Эске салсак, Казакстандын айрым сайттарында «Кыргызстандын мурдагы премьер-министри автордук укукту бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине кептелди, жана Өмүрбек Бабановдун казак паспорту бар»,-деген маалыматтар тараган. Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов Александр Паленыйды ал тууралуу жалган маалымат таратты деп сотко берген.
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов 2017-жылы күзүндө өткөн президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага Башкы Прокуратура кылмыш ишин козгоп, иш азыр тергөөдө.
Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жорго салыш федерациясынын президенти болду. Маалыматка ылайык, 2-февралда республикалык Жорго салыш федерациясынын …