Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.
2019-жылдын 18-февралында КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйыны өтөт. Анда Кеңештин мүчөлөрү КТРКнын башкы директор кызматына катышуучу талапкерлердин жабык конвертте берген документтерин ачышат. Жыйын саат 17.00 башталып, ачык өтөт.
Эскерте кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңеши 2019-жылдын 18- январында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматына ачык сынак жарыялаган. Сынакка катышуучу талапкерлер КТРКнын Байкоочу кеңешинин катчылыгына 2019-жылдын 18-февраль күнү саат 17.00гө чейин документтерин жабык конвертке салып, “КТРК КР башкы директору кызматы сынагына” деген белги менен жөнөтүү керек.
Азыркы учурда коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилик ордуна жети киши арыз берди.