• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Байкоочу кеңешке Чынар Капарова өттү, бирок шайлоо кайра болот

30 Үчтүн айы 201913:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.01.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоонун жыйынтыгы менен Чынар Капарова өттү.

Бирок, Садык Шер-Нияз кайрадан добуш берүүнү сунуштады.


Депутаттар жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Ага 79 депутат «макул», 16сы «каршы» деп добуш беришти.

Маркабай Аматовго «макул» — 31, «каршы» — 51;

Атыркүл Сарыбаевага «макул» — 60, «каршы» — 33;

Мирбек Мырзабековго «макул» — 22, «каршы» — 64;

Вице-спикер Аида Касымалиева Нургазы Мусаев деген талапкер жыйынга келбегени үчүн ага добуш берилбегенин айтты.

Буга чейин, КТРКнын байкоочу кеңешине талапкер Атыркүл Сарыбаевага добуш бересиңер деген көрсөтмө келип түшкөнүн “Govori.TV.” маалымат агенттигине өздүк булактар кабарлаган.

Атын атагысы келбеген айрым депутаттар маалыматты тастыктады.

Теги:
Количество просмотров: 24