Бишкек. 15.03.2019. Govori.TV.
Кесиптик билим берүүдө алгылыктуу иш жүрбөй жатканын «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында депутат Мирлан Бакиров айтты.
«Сиз бул тармакта иштегениңизге канча болду. Ошол аралыкта кандай көрсөткүчтөр бар?,-деп суроо узатты.
Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов жетекчи болуп эмгектенгенине 10жыл болгонун, бул аралыкта бир катар жетишкендиктер болгонун айтты.
Мындай жоопту депутат четке какты. Анын айтымында статистика боюнча мындай көрсөткүч болгон эмес жана бирөө да талапка жооп берген эмес.
Депутаттын сынына жооп айтууга мүмкүнчүлүк берилген жок.