• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бакиров: Мугалимдерге эстелик орнотулушу керек

27 Бештин айы 201811:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.12.2018. Govori.TV

  Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров парламенттин жалпы жыйынында жаңы окуу жылына карата мугалимдер үчүн эстелик орнотууну сунуштап, өкмөттөн бул сунушту карап көрүүсүн өтүндү.

Бакиров Россиянын бир катар шаарларында жана башка мамлекеттерде мугалимдерди даңктап, алардын эмгегин баалап атайын айкелдер орнотула турганын кошумчалады.

«Көп мамлекеттерде мугалимдердин айкели орнотулган. Россиянын бир катар шаарларында эстеликтер коюлган. Мына, биринчи мугалим Дүйшөн деп жүрөбүз. Биз да мугалимдерди эскерип, даңазалашыбыз керек», — деди эл өкүлү.

Теги:
Количество просмотров: 21