Бишкек.15.03.2019.Govori.TV.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциянын лидери Бакыт Төрөбаев фракциянын жыйынында Билим берүү жатында маселе арбын экенине токтолду.
«Учурда мектептерде, жогорку окуу жайларында билим берүү талапка жооп бербейт. Изилдөөнүн негизинде өлкөдө 50миңден ашуун окуучулар окубай жүргөнү аныкталган. Айрыкча айылдардагы мектептерде маселе көп. Азыр билим берүү жаатында маселе чачтан көп»,-деди Төрөбаев.
Мындай маселени чечүүдө аракеттер көрүлүп жатканын Билим берүү министрлигинин өкүлү билдирди.
«Мектептердеги электрондук үч, төрт сайт иштей баштады. Окуучулар китептердин электрондук варианттарын окууга мүмкүнчүлүк бар. Мындан ары да бардык билим берүүнүн системасын жакшыртуу иштелип жатат»,-деди.