Бишкек. 15.03.2019. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 13-мартта Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча өз оюн билдирип, алты жыл ичинде он жолу курал көтөрүү болуп жатканын белгилеп, тезинен чара көрүлүшү керектигин айтты.
Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Расмий маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат. Бейшембидеги чатакта жараат алган адам милиция кызматкери экени аныкталган.