• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бакыт Төрөбаев Өкмөттү уяткарды

16 Үчтүн айы 2019 11:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев кыргыз Өкмөтү айып пулдар аркылуу уят болгонун айтып чыкты. Анын пикирине караганда жаңы кодекстер күчүнө киргени менен чиновниктер аны өндүрүүнүн жолдорун билбейт.

«Өкмөт жаңы айып пулдарды киргизүү менен уят болду. Райондук администрациялар түкүрүк ұчұн айып бузгандардан 5,5 миң ала албайт. Анын механизми иштелип чыккан эмес»,-деди Бакыт Торобаев.

Ошондой эле ал республикада эмгектенип жаткан чет элдиктерди текшерүү ишине байланыштуу министрлер кабинетинин иш аракетине дагы нааразы болду.

«Мен өткөн жылдан бери ушул суроону көтөрүп келе жатам. Өкмөт статистика менен гана чектелүүдө. Бирок, эч ким базар аралап, маалыматты текшерген жок»?-деп кошумчалады Бакыт Торобаев.

Депутат Жогорку Кеңешке Өкмөттү чакырып, ушул суроолору талкуулоону сунуштап, кесиптештери аны колдоду.

Теги:
Количество просмотров: 9