• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бала бакчалар кандай шартта иштейт? Министрликтин түшүндүрмөсү

11 Баш оона 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

Бала бакчалар жана мектепке даярдоо класстары менчик түрүнө карабай белгиленген алгоритм иштейт. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалардын жетекчилери бардык санитардык эрежелерди сактап, кызматкерлердин жана балдардын саламатыгынын коопсуздугун камсыз кылышы керек.

  • Бала бакчалар ишмердүүлүгүн ата-энелердин муктаждыгына ылайык жүргүзүшү керек;
  • Кырдаалга жараша мектепке чейинки билим берүү уюмдары уставында белгиленген тартиби боюнча (3,10, 24 саат) салттуу түрдѳ ишмердигин жүргүзүшү мүмкүн;
  • Ата-энелер менен макулдашуунун негизинде  кыска мөөнөттүү (3 сааттык) тайпалардын ачылуусу мүмкүн.
  • Балдардын саны абдан аз болсо, “нөөмөтчү” тайпалар иштеши керек;
  • Ар түрдүү курактагы балдар үчүн тайпалар ачылышы мүмкүн;

Мектепке даярдоо класстары төмөнкү тартип боюнча иштейт:

  • Аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша Санитардык-эмидемиолгиялык көзөмөл борборунун чечими менен кадимки тартипте ийкемдүү график боюнча (балдардын жана мугалимдердин саламаттыгына кооптуулук жаратпай) иштей алат.
  • Аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша дистанттык окуу.
Количество просмотров: 198