• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Банктар союзу: Банктардагы эсептердин жана уячалардын ээлери жөнүндө маалымат берүү туура эмес

18 Бештин айы 2018 14:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.12.2018. Govori.TV

КРнын Банктар союзунун президенти Анвар Абдраев, Мамлекеттик каржы чалгындоо кызматынын банктардагы эсептердин жана уячалардын ээлери жөнүндө маалымат ачык болуусу керек дегенин туура эмес деп баалады.


Анын айтымында, мындай кадамдар жарандардын банктык системага болгон ишеним төмөндөтөт.
«Биз өкмөткө бул жагдайды чечип берүүнү суранган бир катар расмий каттарды жөнөттүк»,-деди Абдраев.


Эске салсак, жакында ЖМКда Мамлекеттик каржы чалгындоо кызматы баардык коммерциялык банктардагы эсептердин жана уячалардын ээлери жөнүндө маалыматтарды ачуусун талап кылды деген маалымат тараган.


Ал эми Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева банктагы эсептердин жана уячалардын ээлери жөнүндө маалымат кээ бир гана учурларда берилээрин айткан.
««Банктык купуя» болгон маалыматтарды, банк Салык кызматына, Улуттук банкка, Мамлекеттик каржы чалгындоо кызматына бере алат, жана дагы соттук чечимдин негизинде маалымат берилет»,-деди Аида Карабаева.

Количество просмотров: 28