• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Барак эксклавынын жашоочулары «Ак-Таш» өткөрмө пунктунан тоскоолдуксуз өтө алышат

26 Бештин айы 201816:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.12.2018.Govori.TV


Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ак-Таш» өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди. 2018-жылдын 25-декабрынан тартып Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ак-Таш» (КР) «Бирлишкен» (ӨР) өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди. Макулдашууга 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын жана Өзбекстандын Чектеш облус жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген.

«Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан жана Барак эксклавын Ош облусунун Кара-Суу району менен байланыштырып турат. «Ак-Таш» өткөрмө пункту 2013-жылы жазында Барак айылынын кыргыз тургундарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тарап менен түзгөн келишим боюнча 2013-жылдан 2015-жылга чейин айылга азык-түлүк продуктуларын, медициналык дары-дармектерди,күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жер семирткичтерди жана башкаларды ташуу улантылган. Буга чейин Барак эксклавынын жашоочулары Кыргызстандын негизги аймагына кирүү үчүн мамлекеттик чек араны 150 чакырымды түзгөн «Кызыл-Кыя-унаа жол» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу өтүүгө мажбур болушкан.

Ош шаарына чейин жетүү үчүн жалпысынан 300 км жол жүрүү зарыл болгон. Учурда «Ак-Таш» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту аркылуу өлкөнүн негизги аймагына өтүү үчүн 1 чакырымдан ашык жүрүү зарыл. Өткөрмө пункту күн сайын саат 9дан 19га чейин иштейт. Чукул кырдаал жаралган жагдайда жарандарды өткөрүү күнү-түнү ишке ашырылат.

Теги:
Количество просмотров: 17