• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Башкы прокуратура: Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш ишин козголгон жок

15 Тогуздун айы 2020 11:58 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы маалымдайт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында мурунку депутат Алмамбет Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеевдерге карата Башкы прокурата жана Аскер прокуратуасы тарабынан кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалыматтар айтылган. Бул боюнча Башкы прокуратура маалымат таратып, кылмыш иши козголбогонун билдирди.

«Өз учурунда көзөмөл орган жогорудагы маалымат чындыка дал келбей тургандыгын жана аларга карата кылмыш иши козголбогондугун, ошондой эле аталган адамдардын үстүнөн кандайдыр-бир тергөө аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүн билдирет», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовго аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону тууралуу саясатчы “Марал” радиосундагы түз эфир учурунда билдирген.

“Мага жана Сыймык Жапыкеевге аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Демек бул буйруктун артында президент турат. Ушинтип отуруп, президенттин түбүнө тегерегиндегилер жетип келген. 6-октябрдагы окуяны булар элдин шайлоого болгон нааразычылыгы эмес, басып алуу деп эсептеп, дагы эле өздөрүнүн күнөөлөрүн сезе элек экен. Ал окуяларга шайлоо маалында мыйзамдуулукту сактабагандыгы үчүн түздөн түз прокуратура күнөөлүү”, — деген Шыкмаматов.

Количество просмотров: 255