• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Башкы прокурор: Садыр Жапаровдун эжеси Кыргызстанга эркин келсе болот

5 Бирдин айы 202117:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан чечимди 25-январда жокко чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Жогорку соттун токтому менен Райкүл Жапаровага карата сот чечимдери жокко чыгып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Кыргызстанга эркин келсе болот», — деди Зулушев.

Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон. Ал эми Жапаров эжесине кылмыш ишинин козголушу «саясий буюртма» экенин айткан.

Количество просмотров: 371