• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Баткенде 4500 килограмм кара куурай жок кылынды

14 Кулжа 2021 18:19 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери кара куурайларды өрттөп жок кылышууда. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактарындагы айылдарды кыдырып жапайы өскөн кара куурайларды өрттөшүп жок кылган.

«Жалпысынан бул аймакта болжол менен 4500 килограмм жапайы өскөн кара куурай жок кылынды»,-деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү айыл аймактардагы өкүлдөр менен иштөө тобу түзүлүп, ар бир аймактар кылдат текшерилип жатат.

Количество просмотров: 108