Баткенде бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 6 балалуу энени издөө иштерин, аймактагы ыйгарым укуктуу өкүл жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонованын туугандары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловго, издөө иштерине көмөк көрсөтүүсүн суранып кайрылышкан.
«Өкмөт өкүлү бардык тийиштүү органдар издөө иштерин жүргүзүп жатканын, Кыргызстандын аймактарына жана кошуна Тажикстан менен Өзбекстан республикаларына да издөө иши жүрүп жатканын билдирди. Жаныбек Жалалов Кожонованын издөө иштерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын айтып, бул багытта укук коргоо органдарын күчөтүлгөн тартипте издөө жүргүзүүсүн тапшырды», — деп айтылат маалыматта.